• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда дарыгерлер казак кесиптештери менен биргеликте көзгө операция жасайт

Ден соолук 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда дарыгерлер казак кесиптештери менен биргеликте көзгө операция жасайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 23-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун офтальмологдору Алматы шаарынын башкы ретинологу менен биргеликте ретинопатия аныкталган беш баланын көзүнүн торчосуна лазердик коагуляциялык операцияларды жасашат.

Министрликтен белгилешкендей, “Аймактарды өнүктүрүүнүн социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунун колдоосу менен 2023-жылы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору АКШдан “Иридотомия үчүн лазер – OCULIGHT SLxIRIDEX” аппаратын алган. Эл аралык стандарттарга толук жооп берген бул заманбап аппарат балдардын ретинопатиясына каршы күрөшүүдө баа жеткис курал.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун офтальмология бөлүмүндө аталган аппараттын жардамы менен ара төрөлгөн балдардын көз торчосунун лазердик коагуляциясы ийгиликтүү жасалууда. Бул бөлүмдүн эки дарыгери Алматыда ара төрөлгөн ымыркайлардын ретинопатиясын аныктоо боюнча окуудан өтсө, үчүнчү дарыгер бул илдетти хирургиялык дарылоону өздөштүргөн.

2023-жылы ретинопатия менен ара төрөлгөн ымыркайлардын жалпы саны 1280 учурга жетип, анын ичинен 38и Кыргызстандан сыртка дарыланууга жөнөтүлгөн. Балдарды хирургиялык операцияга тандоо ретинопатиянын оордугуна жана өнүгүү стадиясына жараша жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий