• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ССМ: Октябрдан тарта курч респиратордук вирустук оорулар өстү

Ден соолук 0

Бишкек, 22.11.17 /Кабар/. Кыргызстанда октябрдан тарта курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын жана сасык тумоонун акырындап өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13нөн 19-ноябрга чейин өткөн жумага салыштырмалуу курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын 14,7%га өсүшү байкалган.

Алдын ала эпидемиологиялык божомолдор боюнча оорунун декабрдын экинчи жарымында өсүшү күтүлүүдө.

“Учурда республика боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу”,-деп билдиришти КР ССМдан.

Медиктер өтө курч респиратордук жугуштуу инфекцияларды жана сасык тумоо сыяктуу ооруларды көзөмөлдөөнү улантууда.

Калк арасында ооруга чалдыгууну турукташтыруу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сасык тумоого каршы вакциналардын тиешелүү дозасы сатып алынган.

Мындан тышкары, жеке медициналык борборлордо жана Бишкектин ( №№8,6 ҮДБ, Цадмир, «Гиппократ», «312» поликлиника, Асымбекованын клиникасы, «Кроха) жана Оштун («Доктор.кг» лабораториясы, «Фарватер» ЖЧКсы) башка медициналык мекемелеринде акылуу түрдө бардык каалоочуларга сасык тумоого каршы вакцинация жүргүзүлөт. Бир вакцинанын баасы - 450-650 сом.

Пикир

Оставить комментарий