• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чолпон-Атадагы “Алтын балалык” комплексине 200 бала эс алууга жөнөтүлдү

Ден соолук 0


Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-июнда Чолпон-Атадагы “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна 200 бала эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, министрдин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков ата-энелер менен баарлашыпборборго келип эс алып жаткандарга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Ал эми жаш балдарга көңүлдүү эс алуу жана ак жол каалап, аны менен бирге коопсуздук эрежелерин так сакташ керектигин эскертти.

Эске салсак, "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна ден соолугунда көйгөйү бар балдар дарыгердин жолдомосу аркылуу, ал эми ден соолукту чыңдоо лагерине калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тизмеге киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий