• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Исаков: Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү 100 % ачылган эмес

Өкмөт 0

Бишкек, 22.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү 100 % ачылган эмес. Бул тууралуу Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча өкмөттүн алдындагы Кеңештин “КР туризмди өнүктүрүү жана илгерилетүү” VIII туристтик көчмө форумунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, өлкөгө туризм жаатында инвестиция келип жаткандыгы талашсыз.

“Өлкөдөгү мүмкүнчүлүктүн бардыгы колдонулбай жаткандыгын ачык моюнга алалы. Ысык-Көлдүн деле бардык мүмкүнчүлүгү колдонулган жок. Ал жакта жакшы мейманканалар бар, бирок алар анча деле көп эмес. Мамлекетке таандык болгон объекттер бар, бирок алар 4-5 жылдыздуу мейманканалардын талабына туура келбейт. Бул жаатта кандай жетишкендиктер жана кемчиликтер бар экенин карап, талдап чыгышыбыз керек”,-деди ал.

Өкмөт башчы билдиргендей, бүгүнкү күндө мындан ары кандай иштей тургандыгы тууралуу план иштелип чыгып, өкмөткө сунушталышы керек.

Исаков белгилеп кеткендей, мурда бизнес жаатында визага байланыштуу маселе болуп келсе, бүгүнкү күндө бул маселе чечилген.

“Визаны эми электрондук жол менен алууга болот. Бул документти алууда убакытты үнөмдөйт”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий