• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүүнү тездетүүнү тапшырган. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү киришти.

Жумушчу топко төмөнкүлөрдү дыкаттык менен изилдеп, иштеп чыгуу тапшырылды:

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүү боюнча чечимдеринин жана салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүүнүн техникалык тапшырмаларынын долбоорун;

-салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүү боюнча сынактык тандоо компаниясын өткөрүү процедураларын иштеп чыгуу;

-салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутумун киргизүү боюнча сынактык тандоо компаниясынын катышуучуларына квалификациялык талаптарды даярдоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жумушчу топтун курамына киргизилген кызматкерлери жумушчу топтун курамындагы иши мезгилинде негизги ишин аткаруудан бошотулат.

Белгилей кетсек, салык процедураларын фискалдаштыруу электрондук тутуму салык жыйноону жогорулатууга, коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү кескин кыскартууга, республикалык бюджетке жыйымдарды чогултууну көбөйтүүгө жана контрафакттык продукцияларды ташуу жана өндүрүүнү кыйла азайтууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий