• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дмитрий Медведев расмий сапар менен Душанбеге барды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев расмий сапар менен Душанбеге барды. Орусиянын министрлер кабинетинин башчысын аэропорттон тажикстандык кесиптеши Кохир Расулзода баш болгон расмий адамдар тосуп алышты.

Сапардын алкагында Медведев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана премьер-министр Кохир Расулзода менен жолугуп, 1-июнда өтчү КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

«Интерфакс» агенттиги сүйлөшүүлөр маалында эки тараптын соода-экономика, инвестиция, энергетика, транспорт, айыл-чарба жана мигранция тармактары боюнча кызматташтыгына өзгөчө көңүл бурула турганын жазды.

Орусия Тажикстан үчүн маанилүү экономикалык өнөктөш болуп эсептелет. Өлкөнүн тышкы соодасындагы Орусиянын үлүшү 23,6% (2017-жылкы маалымат) түзөт. Орусиянын Тажикстандагы ири инвестициялык долбоору катары Сангтудинск 1 ГЭСи саналат. «Интерфакстын» маалыматына караганда, бул станция Тажикстанда иштелип чыккан жалпы электр энергиянын 12% камсыздап, тажик экономикасында энергияны үнөмдөөгө зор салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий