• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл аралык абалдын курчушуна байланыштуу дары-дармек менен камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, калкты дары-дармек менен камсыздоо улуттук коопсуздук маселесине кирет жана мамлекеттин маанилүү функциясы болуп саналат, буга байланыштуу мурда жөнгө коюлган жеткирүүлөр үзгүлтүккө учураган мезгилде министрлер кабинети тарабынан ыкчам жана чечкиндүү чаралардын кабыл алынышын талап кылат.

«Учурда жарандардын арасында дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын баасын жөнгө салуу жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугу боюнча кооптонуулар бар. Фармацевтикалык компаниялар өз кезегинде аймактагы акыркы окуяларды жана валюта курсунун кескин өзгөрүшүн эске алуу менен товарларды үзгүлтүксүз жеткирүү маселесин көтөрүүдө», - деди Эдил Байсалов.

Кеңешменин жыйынтыгында Эдил Байсалов так жана туруктуу жеткирүү логистикасын жөнгө салуу үчүн жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин толук тизмесин түзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары өндүрүштүк линияларды ишке киргизүү жана фармацевтика тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйындын катышуучулары ошондой эле фармацевтикалык рыноктун туруктуулугун камсыздоо боюнча бир катар башка сунуштарды жана антикризистик чараларды талкуулап, жактырды.

Пикир

Оставить комментарий