• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Манас” аэропорту кош бойлуу аялдар үчүн учуу эрежелерин эскертти

Коом 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту" ААКы кош бойлуу аялдар үчүн учуу эрежелерин эскертти. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

"Манас" аэропортунан белгилешкендей, ар бир авиакомпаниянын ичинде бекитилген өзүнүн эрежелери бар. Бул маалыматты алдын ала тактап алуу зарыл.

Мындан тышкары:

- авиакомпания, кош бойлуу аялдын кепилдик милдеттенмеси менен күбөлөндүрүлгөн кесепеттери үчүн, жүргүнчүнүн алдында эч кандай жоопкерчилик тартпоо шартында ташууну жүзөгө ашырат;

- кош бойлуулуктун кайсы мөөнөтүндө болбосун, эгерде авиакомпаниянын өкүлү учуу кооптуу деп шектенсе, авиакомпания жүргүнчүнү ташуудан баш тарта алат;

- төрөттөн кийинки аялдарды жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды алгачкы 7 календардык күндүн ичинде ташууга жол берилбейт;

- кош бойлуу аял бара турган өлкөнүн иммиграциялык мыйзамдарынын талаптары менен жөнгө салынган учурда, авиакомпания кош бойлуу аялды ташуудан баш тартууга укуктуу;

- кош бойлуу аялдарга авариялык чыгууга жакын жерге отургузганга жол берилбейт.

Пикир

Оставить комментарий