• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москва жана Панфилов райондорунун сырттан окуган мектептеринен коррупциялык схема аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Москва жана Панфилов райондорунун сырттан окуган орто мектептеринен коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында жана КР мыйзамдарына ылайык, бардык мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма диплому болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү иштеринин жүрүшүндө, Москва жана Панфилов райондорунун сырттан окуган орто мектептеринде Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жарандарына орто билими тууралуу аттестаттарды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Кыргызстан, Россия, Казакстан Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары ортомчулар аркылуу аталган окуу жайлардын жетекчилигине жасалма кабыл алуулар боюнча кайрылышкандыгы, алар окуу жылында өлкөнүн аймагынан тышкары жактарда жүргөнү жана сабактарга катыша албаганы, ошондой эле мамлекеттик экзамендерди тапшырбагандары такталган.

Аталган жооптуу документтерди мыйзамсыз бергени үчүн окуу жайлардын жетекчилиги 300дөн 600 АКШ долларга чейин акча каражатын алып турушкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мекеме Кыргызстандын чегинен тышкары жакта жүргөн студенттерге 52 орто билими тууралуу аттестаттарды берген.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий