• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кыргызстанда багбанчылыкты өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республикада багбанчылыкты өнүктүрүүнүн 2024-2028-жылдарга карата программасынын долбоорун иштеп чыкты жана коомдук талкууга сунуштайт.

Ведомстводон билдиришкендей, программаны ишке ашырууда төмөнкүдөй негизги иштер аткарылат:

- мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 14 көчөтканасын, анын ичинде донорлордун долбоордук каржылоосун пайдалануу менен түзүлө турган 5 мамлекеттик питомникти түзүү;
- багбанчылыкка адистешкен 25 кооперативтерди түзүү;
- багбанчылык максатында 42,9 миң га асылдуулугу төмөн жайыттарды беш жылдын ичинде өздөштүрүү;
- багбанчылык тармагында 14 кластерди түзүү;
- багбанчылык багыттары үчүн 1 млрд 900 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредит берүү;
- багбанчылык тармагында 2 соода-логистикалык борборлордун курулушу.

Пикир

Оставить комментарий