• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровду СИЗОдо калтырды

Коом 0

Бишкек, 6-апрель /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Бишкек шаардык соту мурдагы депутат Садыр Жапаровго карата баш коргоо чарасы боюнча биринчи инстанциядагы чечимди күчүндө калтырды.

С.Жапаровду СИЗОдо калтыруу чечими бүгүн соттук коллегия тарабынан кабыл алынган. Мурдагы депутат камакта 28-апрелге чейин кала тургандыгы маалымдалат.

Учурда Садыр Жапаров өз өмүрүнө кол салып, келтирген жаракаттарына байланыштуу СИЗОдон 47-абакка которулган.

Эскертек кетсек, Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартында камалып, КР ККнын бир нече беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКга жеткирилген. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча 26-мартта Садыр Жапаровго Кылмыш кодексинин 227, 341, 113 жана 234-беренелерине ылайык айып тагылган.

Тергөө 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу митинг учурунда «Фольксваген Венто» унаасына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алышкандыгынын аныктады. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча, митингдин жана андан кийинки мыйзамсыз аракеттердин уюштуруучусу мобилдик байланыш аркылуу Э.Каптагаевди бошотпоо көрсөтмөсүн берген, катышуучулардан “буга чейин макулдашылган план” боюнча аракет жасоону талап кылган С.Жапаров болгон. Милициянын операциясынын натыйжасында Э.Каптагаев бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий