• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан эл аралык жүк ташуу боюнча 41 мамлекет менен кызматташып келет

Коом 0

Бишкек, 28.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстан эл аралык жүк ташуу боюнча 41 мамлекет менен кызматташып келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаментинин директору Шухрат Айтиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан жүк ташууга уруксат кагаздары (дозвол) менен 41 өлкө менен алмашып, иш алып барат.

“Жыл сайын кайсы мамлекетке канча уруксат кагазын берсек ошончо санда алабыз”, - дейт ал.

Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаментинин директорунун орун басары Таалайбек Жумалиев 21 мамлекет менен өкмөттүк деңгээлде макулдашуу бар экенин белгилейт.

“Калган 20 өлкө менен кат же сүйлөшүү жолу менен уруксат кагазын алмашабыз. 36 мамлекет менен эч кандай көйгөйлүү маселе жок. Төртөө менен маселе жаралат: өзүнүн жүк ташуучуларын коргоо үчүн башка жүк ташуучуларга чектөө киргизип коет. Унаа аз кирип калгандыктан айдоочулар нааразы болушат. Нааразычылыкты жоюу үчүн автоматташтыруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Адамдык фактор жок кылынат”, - деди Жумалиев.

Пикир

Оставить комментарий