• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Маданият, спорт жана туризмди өнүктүрүү – Жаңы мүмкүнчүлүктөр” аттуу эл аралык форум өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.05.22 /Кабар/. Бишкекте “Кыргызстанда маданият, спорт жана туризмди өнүктүрүү – Жаңы мүмкүнчүлүктөр” аттуу эл аралык форум өтүүдө. Форумга ата мекендик спорттун бардык элитасы катышууда. Иш-чараны “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги уюштурган.

Форумду өткөрүүнүн демилгечиси “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингинин президенти Теңгиз Бөлтүрүк.

“КР президенти Садыр Жапаров балдарыбызга өнүккөн Кыргызстанды калтыруубуз үчүн бизге өлкөнүн интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле чет өлкөдө жашап жаткан ийгиликтүү мекендештерди, чет элдик өнөктөштөрдү бириктирип, учурдагы көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоо, реалдуу чечимдерди иштеп чыгуу жана биргелешип иштөөнү баштоо милдетин койду. Биригүүнү жана коомчулукка жана жаңы муунга жардам берүүнү сунуштайм”, - деди Бөлтүрүк.

Фонддун мындан аркы ишмердүүлүгүнүн алкагында Кыргызстанды искусствонун, искусство индустриясынын жана салттуу руханияттын регионалдык борборуна айландырууга багытталган инновациялык келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде өлкөгө туристтерди тартуучу иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.

Ошондой эле форумдун алкагында улуттук буюм-тайымдардын көргөзмөсү өтүп жатат.

  

Пикир

Оставить комментарий