• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тыгын пайда болгон. Ала-Бел ашуусунда жол тазалоо иштери жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Бишкек - Ош автоунаа жолунун 217-чакырымынан 222-чакырымына чейинки аралыкта каар жаап, шамал болуп жатканына байланыштуу Ала-Бел ашуусунда жол тоңуп тыгын пайда болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине №23 жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылып, каарды тазалоо жана жолго кум чачуу иштери жүргүзүлүп жатат.

ӨКМ узак жолго чыккан айдоочуларды дөңгөлөктөрүнө көңүл буруп, тийиштүү шаймандарды алып жолго чыгууну эскертет.

Пикир

Оставить комментарий