• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министр Аксыдагы өрт чыккан ооруканадан которулуп, аман-эсен көз жарган энелерден кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова учурда Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүрөт.

Министрликтен билдиришкендей, иш сапарынын алкагында Баатырова күн мурун, 13-мартта өрт чыккан Аксы жалпы дарыгерлик практика борборунан которулуп, түндө аман-эсен көз жарган үч энеден кабар алды.

"Учурда энелердин жана балдардын абалы канааттандырарлык жана медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ аталган ооруканада өрт чыгып, тилсиз жоону өчүрүү үчүн жерине төрт бөлүм тартылган. Ооруканадан 72 жаран эвакуацияланып, бактыга жараша жабыркагандар болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий