• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-январынан тартып КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 2021-жыл жаңы окуу мезгили башталды.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал иш-чаранын алкагында күжүрмөн жумалыгы жарыяланып, анын жүрүшүндө 1 жума бою аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы текшерилди.

"16-январь күнү иш-чаранын жыйынтыгы менен куткаруучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун окуу базасында атайын практикалык иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чараны ӨКМ башчысынын орун басары Калыс Ахматов жетектеп, ага ӨКМдин түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүктөрүнүн жетекчилик курамы катышышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий