• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Чаткал районунда жолго таш кулады

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 33-35-чакырым аралыктарында 30 метр кубду түзгөн таш кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, таш күн мурун, 14-майда саат 16:30дар чамасында кулаган, жабыркаган жана каза болгондор жок.

Тартылган күч каражаттардын жардамында тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 16:50дө унаа жол толук тазаланган.

Пикир

Оставить комментарий