• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: "Гансиде" бейтаптар үчүн 531 орун бош

COVID - 19 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропортунун аймагындагы "Семетей" ("Ганси") госпитализация пунктунда бейтаптар үчүн 531 орун бош турат. Бул тууралуу ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Рыспек Жолдошбаев билдиргенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орун даярдалган болсо, анын ичинен 99да бейтаптар дарыланып жатат, калган 501 орундук бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 20да оор абалдагы бейтап дарыланып жатат, калган 30 орундук бош.

Министрликтен кошумчалашкандай, "Семетей" госпитализация пунктуна 6 даана жасалма дем алдыруучу аппарат орнотулган. Алар күн мурун, 27-июлда өлкөнүн каржылык мекемелери тарабынан гуманитардык жардам катары берилген.

Пикир

Оставить комментарий