• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Кыргызстанда сел коркунучу сакталууда

Коом 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

"Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий