• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ кызматы аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

24-26-декабрда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук, Чүй облусунун түндүгүндө -7…-12° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, Ат-Башы районунда түнкүсүн -24…-29°, күндүз -12…-17°, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн-25…-30°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

2019-жылдын 21-декабрынан 23-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-115 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий