• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

ӨКМ: Ошто каналга түшүп кеткен 8 жашар баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Ошто каналга түшүп кеткен 8 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Латибжанов көчөсүндө каналга жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге 4 куткаруучу барып, 2012-жылы туулган баланын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий