• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Оштон Бишкекке реанимациялык курулуштан түзүлгөн талаа госпиталы жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Оштон Бишкекке чакан реанимациялык курулуштан түзүлгөн талаа госпиталы жөнөтүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары жүк ташуучу камаз менен талаа госпиталды жүктөп Бишкекке жолго чыгышты. Талаа госпиталы медициналык жабдуулар жана ыкчам керектүү шаймандар менен жабдылган.

"Госпиталь 10 дарыгердин жана көмөкчүлөрдүн иштешине эсептелген. Госпиталдын түзүлүшү 3 бөлүмдөн турат: операция блогу, кароочу бөлүм жана товар сактоочу бөлмө, алардын ар бирин 10 мүнөттүн ичинде жая салууга болот. Операция блогунда бир мезгилде 2 адамга операция жасоого жана стационардык дарыланууга муктаж 30 адамды тейлөөгө мүмкүн. Ыкчам талаа госпитал 10 күнгө чейин жабдуусуз, автономиялык түрдө иштей алат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий