• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Республиканын аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Республиканын аймагында коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-майда өлкө боюнча 22 344 чарчы метр имараттын ичи, 51 813 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 74 488 чарчы метр аймак жана 391 675 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 139 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 253 600 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 440 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 955 чарчы метр имараттын ичи, 2080 чарчы метр имараттын сырты жана 36 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 276 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 3685 чарчы метр имараттын ичи, 5703 чарчы метр имараттын сырты жана 8000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 152 даана хлор таблеткасы жана 100 литр суюк хлор колдонулду;

Ош облусунда 14 098 чарчы метр имараттын ичи, 17 200 чарчы метр имараттын сырты жана 45 375 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 405 кг хлор колдонулду;

Ош шаарында 2520 чарчы метр имараттын ичи, 6000 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 60 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 13580 чарчы метр имараттын сырты, 39 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 161,5 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 1086 чарчы метр имараттын ичи, 7250 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 30 кг хлор, 2 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Талас облусунда 9200 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 40 кг хлор колдонулду.

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий