• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Сарайдан чыккан өрттөн 10 кой жана 2 уй күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 06.10.17./Кабар/. Бүгүн, 6-октябрда таңкы саат 04:04 чамасында Жети-Өгүз райоунун Желе-Дөбө айылындагы Кыштообай көчөсүндөгү чыккан өрттөн сарай жана мал-жандыктар күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүү үчүн бир бөлүм тартылып, саат 8:40 чамасында өрт толук өчүрүлгөн.

“Өрттүн кесепетинен сарай, 1000 түк чөп, 200 түк саман, 10 баш кой, 2 баш уй күйгөн. Өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталууда. Кошумча маалымат берилет” ,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий