• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлгө 13-15 жаштагы эки бала чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 25.08.17 /Кабар/. 13 жана 15 жаштагы эки улан Ысык-Көлдө чөгүп кетишти. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Окуя, 24-августта Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы “Радуга” пансионатында болгон.

Окуя болгон жерге саат 14:50дө келген куткаруучулар жансыз денелерди таап, жакын туугандарына өткөрүп беришкен.

Расмий маалымат боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда 70ге жакын адам сууга чөксө, алардын 18 жаш балдар.

Пикир

Оставить комментарий