• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулук суусуна чөгүп кеткен аялдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Сокулук суусуна чөгүп кеткен аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-июль күнү саат 15:30 чамасында Чүй облусунун Сокулук районундагы Төш-Булак айылында Сокулук суусуна 1973-жылы туулган И.М. аттуу аял чөгүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 8 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий