• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкек-Ош унаа жолуна шагыл аралаш таш түшүп, жол жабылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.03.18. /Кабар/. Алдын ала маалыматы боюна, бүгүн, 2-мартта саат 10:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 398-чакырымында шагыл аралаш таш түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унаа жол бир тараптуу жабылган.

“Жолду тазалоого үчүн №30 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган”.-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий