• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмокто 3 унаа кагылышып, 28 жаштагы айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек,09.11.17./Кабар/. Бишкек-Торугарт айланма жолунун 52- чакырымында 3 унаа кагылышып, натыйжада бир айдоочу каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы 9-ноябрда болжол менен түнкү саат 04:30 чамасында катталган.

“Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барышкан. Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган С.Ч., аттуу айдоочу окуя болгон жерден каза болгон. Каза болгон жаранды куткаруучулар унаадан алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жол кырсыгынан күн сайын орточо эсеп менен 3 адам каза болсо, жыйырмага жакыны ар түрдүү жаракаттарды алышат.

Пикир

Оставить комментарий