• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан парламенти ММК мыйзамына сунушталган талаштуу өзгөртүүлөрдү жактырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.11.17 /Кабар/. Казакстан парламентинин Мажилиси шаршембидеги пленардык жыйынында маалымат жана байланыш маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Ошол эле маалда депутаттар ММКлардын суроолоруна мамлекеттик органдардын жооп берүүсү үчүн сунушталган 15 күндүк мөөнөт азайтылышы керектигин айтышты. Парламентарийлердин пикиринде, эки жумадан кийин алынган маалыматтын журналисттер үчүн актуалдуулугу жоголуп калышы мүмкүн.

Өз кезегинде өлкөнүн маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев учурда мамлекеттик органдар (азыркы мыйзамдагыдай) үч күндүн ичинде жооп берүүгө үлгүрбөй калып жаткандыгын билдирди. «Ошондуктан биз 15 күнгө чейин деп белгиледик. Дүйнө жүзүндө 20 күндөн бир айга чейин убакыт каралган. Мында чочулай турган эч нерсе жок деп ойлойм», — деди ал. Министрдин айтымында, жарандар кайрылган маалда дагы мамлекеттик органдардын жооп берүүсүнө 15 күн белгиленген.

Анткен менен Абаев мамлекеттик органдардын жооп берүүсү үчүн каралган максималдуу мөөнөттү кыскартуу маселесин кайра карап чыгып, талкуулоого даяр экенин айтты. ММКлар менен юридикалык же жеке тараптардын ортосундагы талаш-тартышты сотко жеткирбей өз ара чечишип алуу тууралуу депутаттардын суроосуна жооп берген министр алардын ортосунда медиатор катары ММК тармагында иштеген коомдук уюмдар чыга ала тургандыктарын айтты.

Пикир

Оставить комментарий