• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Цой: Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны 1 миң 58ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Казакстанда 2-августта 798 киши коронавируска жана пневмонияга кабылганы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой 3-августтагы брифингде билдирди.

Министрдин айтымында, өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 1058ге жетти. Акыркы бир суткада COVID-19дан 34, пневмониядан 21 киши көз жумду.

Цой коронавирус жана августтун башынан бери аныкталган пневмония учурлары боюнча маалыматтар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) жөнөтүлгөнүн билдирди. Ал августка чейин пневмонияга кабылган бейтаптар боюнча маалыматтарды жалпы статистикага кошпоо чечимин аймактардагы адистердин бошобой жатканы менен түшүндүрдү.

Өткөн жуманын аягында казакстандык укук коргоочулар менен активисттер ДССУ өкүлдөрүнө кайрылып, жыл башынан бери пневмония менен ооругандар жана каза болгондор жалпы статистикага кошулбай калып жаткандыгына тынчсызданууларын билдиришкен. Алар бийлик мындай жол менен илдетке чалдыккандардын жана көз жумгандардын санын азайтууга аракет кылып жатат деген божомолдорун айтышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпысынан коронавирус жуктургандардын саны 92 662 кишиге жетти. Алардын 67,5% айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий