• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда ата мекендик компания жеке коргоочу каражаттарды чыгара баштады

Президент 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда «Айко Сейко» компаниясы ата мекендик өндүрүштөгү жеке коргоочу каражаттарды чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-августта, Ак-Суу районундагы атайын кийимдерди тигүүчү «Айко Сейко» ЖЧКсы текстиль ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкананын жетекчиси Кубан Жусуев маалымдагандай, алардын негизги ишмердүүлүгү ар кандай ишкана, уюмдар, анын ичинде өлкөнүн күч түзүмдөрү үчүн атайын кийимдерди тигүү болуп саналат.

«Айко Сейко аталышы япон тилинен которгондо, ийгиликке, тактыкка умтулуу дегенди түшүндүрөт. Япон компаниялары менен ишкердик жаатында байланыштарыбыз бар. Биздин ураан: кыргызстандыктарды ата мекендик өндүрүштөгү кийимдер менен камсыздайбыз», — деп билдирди Кубан Жусуев.

Ал Президентке Каракол шаарындагы кышкы эс алуу базасы үчүн лыжа тебүүдөгү атайын кийимдерди тигүүнү баштоо боюнча жакынкы пландары тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Кубан Жусуев өндүрүш үчүн керек болгон сырттан келүүчү компоненттердин чек арада кармалышы боюнча көйгөйлөр тууралуу, анын натыйжасында контракттардын мөөнөтү үзгүлтүккө учурап, өнөктөштөр менен келишимдер бузулуп жатканын маалымдады.

Ишкана жетекчиси фабрикада 120 адамды жумуш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бар экенин, бирок коронавирус инфекциясын жуктуруп алууну алдын алуу максатында азыркы тапта 60 кызматкер иштеп жатканын кошумчалады. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу үчүн аларды Казакстан жана Россиядагы ишканаларга жиберип турушат.

Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Азиз Алиев 2018-жылы фонд өндүрүш жана заманбап жабдууларды алуу үчүн бош турган имаратты оңдоп-түзөөгө 590 миң АКШ долларын насыя катары бөлгөнүн маалымдады. Бир жыл ичинде бардык иштер бүткөрүлгөн.

Үстүбүздөгү жылы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен РКӨФ жеңилдетилген чен менен башка товарды — россиялык сертификацияланган материалдардан жеке коргоочу каражаттарды өндүрүүгө 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө насыя берди. Өндүрүлгөн жеке коргоочу каражаттар өлкө аймактарына жеткирилет.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкана жамааты менен баарлашып, аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында өкмөт түзүмдөрү, жергиликтүү бийлик менен өлкөнүн каржы институттары жер-жерлердеги ишканаларды колдоого артыкчылык менен көңүл бурушаарын белгиледи.

Аймактардагы орто жана чакан ишкерлик субъектилеринин каржы ресурстарына жеткиликтүү болушун камсыз кылуу максатында Мамлекеттик кепилдик фонду түзүлгөнүн эске салды.

Мамлекет башчысы өлкөдө түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен «Айко Сейко» ЖЧКсынын кайра профилдештирилген ишмердигин канааттануу менен белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин көңүлүн аталган ишканага мындан ары дагы көмөк көрсөтүүнүн маанисине бурду.

Эске салсак, РКӨФ өлкөнүн башка каржы институттары сыяктуу эле акыркы жылдары аймактардагы долбоорлорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатка ылайык, 70%дын тегерегиндеги активин айыл жергесиндеги чакан жана орто ишканаларды колдоого багыттап келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий