• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Боронов Россиядан келген дарыгерлер менен эпидемияга каршы күрөшүү чараларын жана сунуштарды талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Россия Федерациясынан келген медицина тармагындагы адистерден турган делегациянын өкүлдөрү менен эпидемияга каршы күрөшүү чараларын жана өлкөнүн коронавируска байланыштуу абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Республикалык ыкчам штабдын жыйынын жүрүшүндө Өкмөт башчы биздин өлкөгө жардам берип, колдоо көрсөткөнү үчүн медицина кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирди.

Башкортостан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жана Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча Федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная коронавирус инфекциясын аныктоо жана дарылоо, анын кесепеттерин жоюу боюнча Россия Федерациясынын саламаттык сактоо тармагында колдонулган тажрыйба жана сунуштар тууралуу айтып беришти.

Наталья Пшеничная белгилегендей, «жергиликтүү медицина кызматкерлери жанын аябастан иштеп жатат».

«Ар бир бейтапка квалификациялуу жеке мамиле жасалганы таасирлентти», - деп кошумчалады.

Россиялык адистер «Семетей» обсервациялык жайын лабораториялык жана дартты аныктоо кызматтары менен камсыз кылуу, лабораториядагы кадрдык курамды күчтөндүрүү жана кошумча топторду түзүү, эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын катуу көзөмөлдөө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу аймактарда компьютердик томография жабдууларынын санын көбөйтүү, медицина кызматкерлерине жеке коргонуучу каражаттарды коопсуз пайдалануу боюнча семинарларды өткөрүү сунуштарын беришти.

Премьер-министр россиялык медицина кызматкерлерине тажрыйба жүзүндө берген жардамы жана сунушутары үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан биздин өлкөгө келип тажрыйба жүзүндө көмөктөшүп жатканыңыздарга жана бейтаптарды дарылоо боюнча берип жаткан сунуштарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Ишиңиздерге ийгилик жана бекем ден соолук каалайбыз», - деп айткан Кубатбек Боронов, эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турган Ысык-Көл жана Жалал-Абадда облустарына көрсөтүлгөн жардам менен колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берип, күндүзгү стационардагы иштин коопсуздугу камсыз кылуу үчүн жаңы критерийлерди иштеп чыгууну милдеттендирди.

«Кыска мөөнөттүн аралыгында «Семетей» обсервациялык жайын лабораториялык кызмат жана башка керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзгүлө. Мындан тышкары ыкчам түрдө облустарга компьютердик томография алып берүү боюнча ар кыл варианттарды, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы сунуштарды карап чыккыла. Аймактарда ооруп жаткан жарандарды аныктоо, алардын абалы оорлошуп, өтүшүп кеткенине жеткирбей, үймө-үй кыдыруу боюнча иштерди күчөтүү зарыл», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий