• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Минсктеги Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында 15 документке кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча 15 документе кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

1."Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер тарабынан товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоону жөнгө салуу боюнча чараларды ишке ашыруунун негизги ыкмалары жөнүндө" буйрук;

2. "Евразия экономикалык биримдигинде алкоголдук продукция рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иштин жүрүшү жөнүндө" маселенин алкагындагы тапшырма;

3. "2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге жеке жактарга сатылган товарлардын электрондук соодасынан кыйыр салыктарды алуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору боюнча иштин жүрүшү жөнүндө" маселе алкагындагы тапшырма;

4. "Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 2 чечиминин 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" чечими;

5. "Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймактарында Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттарында, анын ичинде "Бир алкак, бир жол" Кытай демилгеси алкагында транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү жөнүндө" маселенин алкагындагы тапшырма;

6. "2021-жылкы Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоого мониторинг жүргүзүү боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету жөнүндө" буйрук;

7. "Евразия экономикалык биримдигинин алкагында артыкчылыктуу жана жогорку технологиялык өнөр жай тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия жөнүндө" буйрук;

8. "2015-жылдын 16-октябрындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколдун 3-беренесинин 10-пунктунда каралган товарларды эсепке алуу системасын колдонуу жөнүндө" буйрук;

9. "Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасы жөнүндө" буйрук;

10. "2021-жылга карата Евразиялык экономикалык комиссиянын чек ара рынокторунда атаандаштыктын абалы жана жалпы атаандаштык эрежелери жаатындагы чаралар жөнүндө жылдык очету тууралуу" буйрук;

11. "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан эл аралык келишимдердин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин алкагында түзүлүүчү эл аралык келишимдердин долбоорлорун мамлекет ичинде макулдашуунун ички жол-жоболору жана ички мамлекеттик жол-жоболору жөнүндө" маселе алкагындагы тапшырма;

12. "Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө" буйрук (Б. Сагинтаев);

13. "Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө" буйрук (А.Кожошев);

14. "Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө" буйрук (А.Касымалиев);

15. "Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" буйрук.

Пикир

Оставить комментарий