• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Жалал-Абадда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-июнда эртең менен жол жээгинде унаа күйгөн.

Кырсык Таш-Көмүр шаарында Бишкек – Ош автоунаа жолунун 448-чакырымында катталган, болжол менен күйүүчү май ташыган "Вольво" үлгүсүндөгү унаа жолдун четине чыгып, өрттөнгөн.

Өрт саат 6:30да өрттү чектөөгө алынып, саат 7:56да толугу менен өчүрүлгөн.

Болжол менен автоунаа алдыңкы баллону атып кеткендиктен өрттөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий