• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында 51 жаштагы адам изделүүдө, туугандары аны дарыягы түшүп кетиши мүмкүндүгүн айтууда

Кырсык 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Нарын облусунда 51 жаштагы адам изделүүдө, туугандары аны дарыягы түшүп кетиши мүмкүндүгүн айтууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 24-майда Нарын шаарынын тургундары 51 жаштагы Ы.Б. аттуу эркек кишини издөөгө жардам сурап, кайрылышкан. Жакын туугандарынын айтымында, ал 16-майда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

“Бүгүн дайынсыз жоголгон адамдын туугандары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын шаардык бөлүмүнө Нарын дарыясынан издеп берүү сунушу менен кайрылышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Дарыядан издөө үчүн үч куткаруучу тартылып, издөө иштери жүрүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий