• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Теплые ключи» комплекси «Электр станцияларына» 15 жылга убактылуу пайдаланууга берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылы дарегинде жайгашкан «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин кыймылсыз мүлкү «Электр станциялар» ачык акционердик коомуна кийин мөөнөтүн узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берилди.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Мындай чечим «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин мүлкүн сактоо, эффективдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.

«Теплые ключи» ден соолукту чыңдоочу комплекси 1977-жылы энергетика тармагынын кызматкерлерин зыяндуу өндүрүштүк шарттардан реаблитациялоо, оорулардын алдын алуу, дарылоо жана эс алуу үчүн пайдаланууга берилген.

Белгилей кетсек, азыркы учурда «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексин модернизациялоо, имараттарын жана курулмаларын талаптагыдай деңгээлинде кармап туруу зарыл. Ал эми аны тейлөө дагы эле «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун финансылык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий