• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аба-ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүүдө «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча билеттердин наркы төмөндөйт

Өкмөт 0

Бишкек, 15.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түзүлгөн келишимдер боюнча «AirManas», «Avia Traffic Company» жана «TezJet» авиакомпаниялары «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча билеттердин наркын төмөндөтүү тууралуу чечим кабыл алышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аба-ырайынын кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү жарыяланса, «Бишкек-Ош-Бишкек» каттамынын бир тарабына карай авиабилеттердин 2700 сомдук наркы кадимки баалардан 27%га төмөн сатылат. Мындай учурларда Төө-Ашууда жана «Бишкек-Ош» унаа жолунун башка катаал участкаларында транспортко чектөө киргизилет. Тийиштүү түрдө, бул мезгилде жарандар жеңилдетилген шарттарда транспорттун альтернативдүү түрүнөн, авиакомпаниялардын тейлөөсүнөн пайдалана алышат. Аба-ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүү алынып салынган соң, авиабилеттер баалардын бекитилген прейскурантына ылайык сатылат.

Белгилесек, 11-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялар менен биргеликте кышкысын ички авиакаттамдарга карата бааны төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

«Республикабыздын жаратылыштык-климаттык жана географиялык шарттарын эске алуу менен кыш мезгилинде «Бишкек-Ош» жолу боюнча унаа транспортунун каттамы өтө кооптуу эсептелет. Аталган трассада кышкысын жол кырсыктарынын саны бир топ жогорулайт. Жарандардын катаал аба-ырайында Бишкек шаарынан Ошко тез жана коопсуз жетүүсүн жана артка кайтуусун камсыз кылуу үчүн «Бишкек-Ош-Бишкек» багыты боюнча билеттердин баасын төмөндөтүү боюнча авиакомпаниялар менен макулдашуулар жүрдү. Бул биздин жарандардын коопсуздугу үчүн чечилиши зарыл абдан манилүү маселе болгон. Аны менен катар «Бишкек-Ош» автожолунун стратегиялык маанисин жана андагы тынымсыз жол кыймылынын камсыздалышын эске алуу менен мамлекеттик түзүмдөрдүн бардык тийиштүү күчтөрү мобилизацияланды», - деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Пикир

Оставить комментарий