• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев: Климаттын өзгөрүүсүнө карата узак мөөнөттүү бирдиктүү система менен иш алып баруу зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты.

Анда министрлер кабинетинин башчысынын орун басары өлкөнүн уникалдуу экологиялык тутумун сактоо, жарандарынын жашоо-турмушунун жагымдуу чөйрөсүн түзүү, айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын, анын ичинде биоресурстарды, жер казынасын, суу ресурстарын, экологияны жана климатты коргоону камсыз кылуу, ошондой эле экологиялык, өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарынын сакталышы мамлекет үчүн алдыңкы орундагы маселе экенин эске салды.

“Дүйнөлүк деңгээлдеги көпчүлүк семинарлар глобалдык климаттын өзгөрүшүнө арналууда. Буга байланыштуу биз дагы бери жагы 30 жылдык программалар менен системдүү иш алып баруубуз замандын талабы”-деди Бакыт Төрөбаев.

Минкаб башчысынын орун басары быйыл Бишкек шаарында былтыркы жылга караганда “кара түтүн каптоо” кескин кыскарганын, бул министрлик менен башка мамлекеттик органдардын бирдиктүү ишинин жыйынтыгы экенин белгиледи. Ошону менен катар абаны тазартууга арналган иш аракеттерди мындан ары күчөтүүнү, бул багытта борбор калаадан башка ири шаарларда дагы активдүү иш жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев, келе жаткан туристтик сезонго карата Ысык-Көлдүн айланасындагы канализация системалары жана тазалоочу курулмалар менен камсыз болбогон обьектилерде иш алып барууну баса белгиледи.

Жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев геология тармагында жасала турган бир катар орчундуу иш аракеттерге токтолуп, президенттин жашыл мурас демилгесинин аркасында тигилген 8 миллиондон ашык көчөттөрдү багып өстүрүп алууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий