• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Шашылыш билдирүү!

Коом 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. 2017-жылдын 16-майында күндүзү, 17-майдан 19-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча 16-17-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, 17-18-майда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

17-18-майларда абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 18…23°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий