• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт башчы ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ишмердиги менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 30-майда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчыга Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумунун бардык мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов бул өзгөчө жана кризистик кырдаалдарды божомолдоо, алдын ала билдирүү, эскертүү жана кесепеттерин жоюу тутуму үч компоненттен турарын билдирди. Бул – Бирдиктүү маалыматтык нөөмөттүк-диспетчердик 112 кызматы, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жана Жалпы мамлекеттик калкты маалымдоо жана эскертүү комплекстүү тутуму.

«Чалууларды кабыл алуу сапатын жана өзгөчө кырдаалдарда жооп кайтарууну жакшыртуу максатында бирдиктүү телефон номерине чалууларды кабыл алган, чалууну талдап ыкчам жооп кайтаруу кызматтарына даректеп жана алардын аракеттерин координациялаган Бирдиктүү нөөмөттүк-диспетчердик 112 кызматы түзүлдү. Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун милдеттери – өзгөчө кырдаалдардын өнүгүү тенденциялары жана алардын кесепеттери жөнүндө, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жарандык коргоо тутумунун аракеттеги күчтөрү, каражаттары жана ресурстары тууралуу ыкчам жана болжолдуу маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, берүү болуп саналат», - деди Азамат Мамбетов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коркунучтар жана ири өзгөчө кырдаалдар келип чыккан шартта алдын алуу чараларын, ошондой эле бардык деңгээлдеги башкаруу органдарынын макулдашылган аракеттерин кабыл алуунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

«Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутуму кризистик кырдаалдарга жооп кайтаруунун ыкчамдыгын камсыздап, чечим кабыл алуу убактысын кыскартат. Бул өз кезегинде калктын коопсуздугун камсыздоого оң таасирин берип, өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик органдардын ишмердигин координациялоону жакшыртат», - деп басым жасады Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий