• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт Кыргызстандын токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын бекитти

Өкмөт 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Өкмөттүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын токой тармагын өнүктүрүүнүн концепциясы” бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасымамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов белгилеп айткандай, бул концепция токой экосистемасын туруктуу башкарууну камсыз кылуу, токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүүмаксатында иштелип чыккан.

“Ушул долбоордун милдеттери 2040-жылга чейинки мезгилге токой чарбасын өнүктүрүүнүнстратегиялык багыттарын аныктоо болуп саналат. Калктын экономикалык бакубаттыгын, экологиялык коопсуздугун жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоосуна жагымдуу чөйрөнү камсыздоо үчүн токойлорду туруктуу башкаруу 2040-жылга чейин Токой тармагынөнүктүрүүнүн жалпы максаты болуп эсептелет”, - деди Абдыкалык Рустамов.

Пикир

Оставить комментарий