• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт Ош шаарындагы ооруканаларга 50 кычкылтек концентраторун бөлүп берди

Аймак 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Өкмөт тарабынан Ош шаарындагы ооруканаларга 50 даана кычкылтек концентратору бөлүндү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта шаарга 30 концентратор келип түштү, бүгүн калган 20 даанасы келери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын өкмөтү 500 мобилдик кычкылтек концентраторун сатып алган, алар күн мурун чартердик каттам менен Кытай Эл Республикасынан алып келинди.

Эске салсак, жуманын башында КР өкмөтү тарабынан кычкылтек концентраторлорун жана пульсоксиметрлерди сатып алууга 50 млн сом бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова белгилегендей, күн мурун кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы – 500 даана келди, кийинки 500 даана партия өлкөгө келерки жумада жеткирилет.

Пикир

Оставить комментарий