• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылынын эли менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылынын эли менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жолугушууда айыл элинин негизги өтүнүчү болуп, үстүбүздөгү жылдын 9-январындагы Көк-Таш айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыккан чыр-чатакка күнөөлүү деп кармалган жарандарды бошотуу болду.

Аны менен катар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жумуштарын тездетүү, турак жайларын документтештирүүгө колдоо көрсөтүүнү суранышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл укук коргоо органдары тарабынан кармалган эки жарандын маселеси боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын, маселе мыйзам чегинде чечилээрин айтты. Ошондой эле айыл элинин турак жайларын документтештирүүдө төлөнүүчү сумма, чек аралаш аймактын жашоочулары үчүн 30%га жеңилдетилгенин жана Көк-Таш айылынын жашоочуларынын документтери толугу менен даяр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек Көк-Таш айылында 452 турак жай катталган. Буга чейин жашоочулардын 10% гана турак жайларын документтештирип, кызыл китебин алган. Турак жайына документ алууну каалаган жарандар жеңилдетилген сумманы төлөө менен жер участогуна болгон жеке менчик мамлекеттик актысын алса болот.

Ал эми жергиликтүүлөр суранган курулуш иштерин курууда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы делимитация жана демаркация маселелеринин жүрүшүндө такталбаган чек ара сызыгына 200 метрге чейинки аралыкта курулуш курбоо боюнча макулдашууга ылайык, өкүл жарандарды мыйзам бузбоого чакырды. Ошол эле учурда айыл ичинде, такталган чек ара аймактарында башталган капиталдык курулуштар токтоосуз уланаарын билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов айыл элин аймакта туруктуулукту сактоого, сабырдуу болууга чакырды. Анткени чек ара аймактарындагы чыр-чатактар чек араны тактоо жумуштарын алга жылдырууга кедергесин тийгизип, кечиктирээрин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий