• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышты.

Иш-чарага КМШга кирген мамлекеттердин башчылары катышты: Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Молдова Республикасынын президенти Игорь Додон, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жана ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы — Аткаруучу катчы Сергей Лебедев жана КМШ Парламенттер аралык Ассамблея Кеңешинин төрайымы, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко.

Шериктештик алкагындагы өлкөлөрдүн өз ара аракеттешүүсүнүн актуалдуу темалары талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгы менен КМШ алкагындагы кызматташууну бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтер кабыл алынды.

Алардын катарында КМШны мындан ары өнүктүрүү концецпиясы жана аны ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралар планы, БУУнун 75 жылдыгына карата КМШга кирген мамлекеттердин башчыларынын биргелешкен билдирүүсү, Эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында кызматташуу жөнүндө КМШга кирген мамлекеттердин башчыларынын биргелешкен билдирүүсү жана ошондой эле 2022-жылы «Шериктештиктин маданий борборлору» аттуу мамлекеттер аралык программаны Кыргыз Республикасында ишке ашыруу жөнүндө жана КМШда 2022-жылды Элдик чыгармачылык жана маданий мурастар жылы, ал эми 2023-жылды улуттар аралык баарлашуунун тили катары орус тили жылы деп жарыялоо тууралуу документтер бар.

Пикир

Оставить комментарий