• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кочкор-Атада алтын карактоо үчүн ишкердин бетине уксуз чачкан. Шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Кочкор-Атада алтын буюмдарын карактоо үчүн ишкердин бетине уксуз чачкан аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-декабрда саат 23:10 чамасында Ноокен районунда алтын буюмдарды саткан ишкердин бетине белгисиз адам уксус чачып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Бул факты райондук милицияга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Текшерүү учурунда ошол эле күнү ишкер Кочкор-Атадагы борбордук базарда жайгашкан күрөөканасына бейтааныш, жашы 30-35тердеги азият улутундагы бет кап кийген аял киши кирип келип, бетине уксус кислотасын чачып, жанындагы алтын сөйкө, шакек, билерик, цепочка жана башкалар салынган сумкасын алып, из жашырып кеткен. Товардын жалпы баасы 2 млн сомду түзгөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, "Каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тийиштүү кызматкерлерге тергөө тапшырмалары берилип, жабырлануучу А.Машаеванын денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ал эми ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Ноокен районунун 20-жаштагы тургуну А.А. экендиги аныкталып, ал тергөөгө алып келинген.

Ошондой эле А.А. бул кылмышты жасагандыгы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ал боз түстөгү сумкасын анын ичиндеги далил-буюмдарды үйүнөн алып чыгып өзүнүн ыктыяры менен тапшырып берген.

Шектүүнүн колунда наристеси бар экендиги эске алынып, үй камагында калтырылган.

Пикир

Оставить комментарий