• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кохир Расулзода Абылгазиевди Премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады,-деп билдирет өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

“Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызга байланыштуу менин куттуктоомду жана каалоо-тилектеримди кабыл алыңыз.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерин, коңшулаштык жана өз ара сый алакаларды жогору баалоо менен Тажикстан жана Кыргызстандын ортосундагы өз ара мамилелер Сиздин активдүү катышууңуздун аркасында мындан ары да кеңейүү жана жаңы мазмун менен толукталуу тенденциясына ээ болоруна ишеним билдирем.

Бул жогорку мамлекеттик кызматтагы Сиздин ишмердигиңиз Кыргызстандын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана анын элинин жашоо шартынын жогорулашына өбөлгө болот деп ишенем.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, чын дилимден Сизге бекем ден соолук жана Сиздин ишмердигиңизге ийгилик, ал эми достош Кыргыз Республикасынын элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүүнү каалайм”,- деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий