• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Касымалиева: «Азыр кабинетте отуруп алып маселе чеччү заманбы?

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Табигый кырсыктан улам бузулган социалдык объектилердин абалы жөнүндө маселе байма-бай көтөрүлүп келет. Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айылында тарбигый кырсыктан жапа чеккен мектептин имараты бар. Тилекке каршы, жергиликтүү бийликтин башчылары ушул кезге чейин анын абалы менен жеринен тааныша элек. Өкмөт алардын жоопкерчилигин карашы керек. Бул тууралуу депутат Аида Касымалиева Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди,-деп маалымдайт ЖКнын басма сөз кызматы.

«Мен жакында Жалпак-Таш айылындагы мектептин курушу менен таанышып келдим. Жергиликтүү тургундар Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиевдин ишине нааразы. Ал мектептин курулушу менен таанышмак түгүл, айылдын тургундары менен да жолугушпайт экен. Алардын айтымында, аким өкмөт башчысы же депутаттар барганда гана кайдан-жайдан пайда боло калат. Азыр кабинетте отуруп алып маселе чеччү заманбы? Аким милдетин өз деӊгээлинде аткарсын же кызматынан кетиши керек», - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий