• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-нен 16-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 12-майда күндүз жана 13-16-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 13-15-майларда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 12-майда күндүз жана 13-14-май күндөрү Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

13-15-майда абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 14…19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 18…23°, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоолуу райондордо 10…15°, бийик тоолуу райондордо 0…5° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий