• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Комитет “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзам долбоорун биринчи окууда карады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-майда, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Элдик курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоору президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген.

Жыйында аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобунун жетекчиси, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев маалымат берди. Анын айтымында, жумушчу топтун курамына 11 адам кирген.

Долбоор президенттин мыйзам чыгаруу демилгесинин алкагында КР Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, Конституциянын 7-беренесине ылайык, Элдик курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын. Ал кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет.

Талкууда депутат Гуля Кожокулова жумушчу топтун мүчөлөрүнө кайрылып, мыйзам долбоорунда бири-бирине карама-каршы келген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү кеңештердин ишин жокко чыгарган нормалар бар экенин белгиледи. Муну менен катар депутат Курултайды өткөрүүнүн регламенти, иш тартиби, каржылоо маселелери боюнча маселе көтөрдү.

Жумушчу топтун мүчөсү Курманбек Осмонов мыйзам долбоорунда эч кандай карама-каршылыктар жок экенин айтса, жумушчу топтун жетекчиси Чолпонбек Абыкеев Элдик курултай коомдук өнүгүүгө багытталган сунуштамаларды берип турарын кошумчалады.

Аталганкомитеттин төрагасы Медербек Алиев Элдик курултай эл өкүлдөр жыйыны болгондуктан, башка мамлекеттик органдардын функционалдык милдеттерин аткарбашы керектигин баса белгилеп, мыйзам долбоорунун концепциясын колдоону сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий