• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоо. Уюштуруу комитети түзүлдү

Президент 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

2023-жылдын 5-майында азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздерин бекемдеген көз карандысыз Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынгандыгына 30 жыл толот. Мамлекеттин жогорку баалуулуктары адам, анын жашоосу, укуктары жана эркиндиги деп жарыяланган. Бул документте эгемендүүлүк, элдик бийлик, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, укук үстөмдүгү жана демократия принциптери бекемделген. Жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышынын укуктук, саясий жана социалдык-экономикалык өбөлгөлөрү аныкталды.

Ар бир мамлекеттин конституциясынын мазмуну мезгилдин талабына ылайык өркүндөтүлүп жана жаңыланып турат, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан негизги мыйзамга кийинчерээк конституциялык реформалардын жүрүшүндө жаңы реалдуулуктарды чагылдырган кошумча укуктук механизмдер жана ченемдер бир нече жолу киргизилген.

Азыркы мезгилде Конституция элдин биримдигинин, өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын жана мамлекеттик бүтүндүгүнүн, коомдук өнүгүүнүн, азыркы Кыргызстандын демократиялык, саясий, укуктук, экономикалык жана идеологиялык негиздеринин калыптанышынын негизи болуп саналат. Конституциянын жаратмандык потенциалы түгөнбөйт жана зарыл социалдык-экономикалык, саясий жана башка өбөлгөлөрдүн пайда болушуна жараша ачылат. Бүгүнкү күндө жалпы таанылган демократиялык принциптерди ырааттуу бекемдөө, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктерин күчөтүү өлкөбүздүн алдында турган негизги милдеттер болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өлкөнүн Конституциясынын духун жана маанисин жакшы билүүгө тийиш. Конституцияны урматтоо, сактоо жана анын маанисин түшүнүү менен гана биз өлкөбүздү, Мекенибизди, Кыргызстан элинин баалуулуктарын сыйлайбыз жана өлкөнүн өнүгүүсүнө, коомдук ынтымакка, тынчтыкка жана бейпилдикке жетише алабыз.

2023-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоону өткөрүүгө өз убагында даярдык көрүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы уюштурулсун.

3. «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, эмгектин ардагерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын чыңдоого, анын экономикалык, саясий, социалдык, илимий, руханий потенциалын, коргонуу кубаттуулугун жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылууга, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, конфессиялар аралык жана улуттар аралык достукту жана ынтымакты бекемдөөгө, демократиялык реформаларды тереңдетүүгө, адилеттүү жарандык коомду курууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын коомдогу ролун жана маанисин кеңири пропагандалоого, жаш муунду мыйзамды урматтоо, Мекенди сүйүү жана берилгендик рухунда тарбиялоого татыктуу салым кошкон башка адамдар сыйланат деп белгиленсин.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы менен чет мамлекеттердин жарандары сыйланышы мүмкүн.

4. «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалдарын жана алардын күбөлүктөрүн даярдоого байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен жабылат деп аныкталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

‒ эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитсин, анын ичинде окумуштуу конституционалисттердин, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн конституциялык сотторунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен эл аралык илимий-практикалык конференцияларды уюштурууну, Конституциянын жогорку ролу жөнүндө теле, радиоберүүлөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында материалдарды жарыялоону уюштурууну, салтанаттуу кабыл алууларды өткөрүүнү, китептерди басып чыгарууну, коллекциялык монеталарды жана почта маркаларын жасоону ж.б. карасын;

‒ эки жумалык мөөнөттө «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы жөнүндө жобону жана анын сыпаттамасын бекитсин;

‒ 2023-жылдын 1-майына чейин «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалдарынын жана алардын күбөлүктөрүнүн даярдалышын белгиленген тартипте камсыз кылсын;

‒ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоону тартылган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырсын.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун төрагалары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы ‒ Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана шаарлардын мэрлери жер-жерлерде Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күндүн урматына арналган иш-чараларда салтанаттуу түрдө «Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалдарын тапшырууну уюштурсун.

Тиркеме

Пикир

Оставить комментарий